Кыргызстандыктардын колунда 293 млрд сомдон ашык накталай акча бар
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
21 октябрь

Кыргызстандыктардын колунда 293 млрд сомдон ашык накталай акча бар

Кыргызстанда накталай акчанын басымдуу бөлүгү коммерциялык банктардын кассаларынан тышкары жүгүртүүдө.

Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-октябрына карата өлкөдөгү накталай акчанын жалпы көлөмү 324 млрд сомду түзгөн.

Анын ичинен 293 млрд 125,6 млн сом банк тутумунан тышкары жүгүртүүдө болгон. Бул жалпы накталай акчанын 90,5%ын түзөт.

Ал эми коммерциялык банктардын кассаларында 30 млрд 874,6 млн сом же жалпы көлөмдүн 9,5%ы сакталган.

Бир жыл ичинде жүгүртүүдөгү накталай акчанын көлөмү 11,2%га өскөн.