Маевка: Мамашева милицияны айыптады, Нурбаев балдарды дин менен өстүрүүнү сунуштады
19 июнь

Маевка: Мамашева милицияны айыптады, Нурбаев балдарды дин менен өстүрүүнү сунуштады

Депутат Айсулуу Мамашева Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкектин Маевка айылында болуп өткөн окуяны айтты. 

Эске салсак, аталган айылда 1-класстын окуучусу өзүнөн улуу окуучу балдар тарабынан бир нече жолу зордукталган. 

“Мен ИИМге кайрылат элем: айымдарга, балдарга болгон зомбулук күчөп жатат. Маевкадагы болгон окуя боюнча Биринчи май РИИБи ушул убакка чейин толук кандуу карабай жатыптыр. Андан башка бир айым машина айдаганды үйрөнөм деп жатып кичинекей кызды тепселеп кеткен, ал ошол жерде көз жумган. Мындай окуялар абдан көп болууда. Бүгүн эле мага ата-энелер кайрылышты, милицияга барсаң карабайт дешүүдө. Ал турмак шектүүлөрдүн тааныштары болсо, актаганга аракет кылышат экен. Чоң сураныч, укук коргоо органдары өзгөчө жаш балдарга карата кылмыштарга кылдат карап, балдардын коопсуздугун сактап беришсин”, – деди Мамашева. 

Ал ошондой эле, Маевкадагы окуяга кайрылып, андагы шектүү балдар видео далилдер турганына карабай, камалбай, эркиндикте жүргөнүн айтты. 
Депутат Жалолидин Нурбаев коомдогу мындай терс көрүнүштөрдү жоюу үчүн мектептерге дин сабагын киргизүү зарылдыгын билдирди. 

“Ар бир мамлекет өз жолун издеп жатат. Биз динден издешибиз керек. Эгерде азыр туура эмес тарбия берүүнү улантсак, мөмөсүн 10-15 жылдан кийин көрөбүз”, – деди депутат.