Бекешев туура эмес жерге токтоткон автоунааларды эвакуациялоону “ийгиликтүү бизнес” деп атады
Депутат Дастан Бекешев Бишкектин көчөлөрүндө туура эмес жерге токтотулган автоунааларды жүктөп кетүүнү кайсы бир тараптын кызыкчылыгын көздөгөн “бизнес” атады.
“Автоунааны туура эмес жерге токтотсоң эвакуатор келип алып кетет. Туура, мыйзамды бузбаш керек. Бирок автоунааны 2-3 чакырым алып барып, айыппул төлөнүүчү автоунаа токтотуучу жайга жеткиришет. Анысы үчүн 2 миң сом акы алат экен. Андан сырткары автоунаа токтотуучу жайга айыппул, негизи эле автоунааны туура эмес жерге токтоткону үчүн айыппул төлөнөт. Менин суроом – 2 миң сом кайдан чыкты? Антимонополия кызматы бул нерсени иликтеши керек” – деди депутат.
Ал ошондой эле, автоунааны жүктөп кетүүнүн ордуна мыйзам бузууга барган жаранга ыңгайлуу жолду сунуштады.
“Эвакуатор менен алып кетип отурбай, туура эмес жерге токтотулган автоунаага ГАИ кызматкери QR-код бар наклейка чаптап кетсин. Мейли, айыппулду эки эсе көтөрөлү: 300 эмес, 600 кылалы. Бирок автоунаасын издеп алыска барып отурбай, ошол QR-код менен дароо төлөп койгудай болсун. Мага кайрылган жарандар айтышууда, эвакуаторго туура эмес жүктөшүп, автоунааларды бузуп жатышыптыр. Бирдеме десе, “кааласаң сотко бер, эмне кылсаң кыла бер” дешет экен. Албетте, мындай иште сотко кайрылууга караганда, кетирген нерв, ден соолугуң маанилүү болуп калат. Көп жарандар айыппул төлөгөнгө макул, эгер ал жөнөкөй болсо”, – деди Бекешев.
