Курулуш лицензиясын ортомчусуз алыңыз: онлайн жана коопсуз
6 июль

Курулуш лицензиясын ортомчусуз алыңыз: онлайн жана коопсуз

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жарандарды жана курулуш ишмердүүлүгүнүн субъекттерин курулуш лицензиясын ортомчуларсыз алууга чакырат.

Акыркы учурда социалдык тармактарда “Даяр лицензия сатылат”, “Лицензияны тез алып беребиз” деген сыяктуу сунуштар кездешүүдө. Мындай сунуштарга ишенүү олуттуу тобокелдиктерди жаратышы мүмкүн.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензия сатылуучу же башка жакка өткөрүлүп берилүүчү объект болуп саналбайт. Лицензия аны алган субъектке гана таандык болуп эсептелет.

Мыйзамсыз жол менен алынган же сатылып алынган лицензиялар аныкталган учурда мыйзамдарга ылайык тиешелүү чаралар көрүлүп, мындай лицензиялар белгиленген тартипте каралат. Мындан тышкары, даяр лицензияны сатып алуу менен анын ээсине байланыштуу болгон карыздарды, салыктык милдеттенмелерди, соттук талаштарды жана башка укуктук тобокелдиктерди да өз мойнуңузга алуу коркунучу бар.

Бүгүнкү күндө курулуш лицензиясын алуу тартиби кыйла жөнөкөйлөштүрүлүп, процесс толугу менен санариптештирилген. Лицензия алуу үчүн license.minstroy.gov.kg электрондук платформасы аркылуу кайрылууга болот. Документтер электрондук форматта кабыл алынат жана бардык талаптар аткарылган учурда лицензия кыска мөөнөттө таризделет.