Чет элдик жарандын бриллиант сөйкөсүн тартып алышкан. Бишкекте каракчылыкка шектүүлөр кармалды
17 февраль

Чет элдик жарандын бриллиант сөйкөсүн тартып алышкан. Бишкекте каракчылыкка шектүүлөр кармалды

2026-жылдын 15-февралында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге А.Н. аттуу чет өлкөлүк жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен таңкы саат 06:30 чамасында Бишкек шаарынын М. Жалил көчөсүндө жайгашкан жатаканага белгисиз адамдар кирип келип, белгисиз курч буюм менен коркутуп, бриллиант сөйкөсүн жана билерикти тартып алып, белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен.

Аталган факт боюнча Свердлов РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесине (каракчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Свердлов РИИБдин жана Бишкек шаарынын ИИББнын МККБнын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр катары 2003-жылы туулган К.А. жана 2001-жылы туулган Ы.Ж. кармалган. Алар райондук Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жүрүшүндө уурдалган зер буюмдар табылып, белгиленген тартипте далил буюм катары алынган жана мыйзамдуу ээсине кайтарылган.

Тергөө амалдары уланууда.