Жаңы курулуп жаткан "Жалал-Абад" эл аралык аэропортунун айланма жолу курулат
12 июль

Жаңы курулуп жаткан "Жалал-Абад" эл аралык аэропортунун айланма жолу курулат

Бүгүн, 12-июль күнү, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Сузак районунун акими, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрү, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте аталган жол курулуучу аймак менен жеринен таанышып, жолдун курулушуна байланыштуу көйгөйлөрдү жеринде талкуулашты.

Шаар мэри аталган жолдун курулушу Жалал-Абад шаары менен Сузак районунун жашоочулары үчүн абдан маанилүү экендигин белгилеп, тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди.

Айланма жол Жалал-Абад шаары менен Сузак районунун бир катар айылдарын бириктирип (Багыш, Кыз-Көл айыл аймактары), жаңы курулуп жаткан аэропортту айланып өтүүчү жол болот. Анын жалпы узундугу 9,7 чакырымды, туурасы 12 метрди түзөт. Ал эми жолдун унаалар жүрүүчү бөлүгү 6,5 метр болот.