Тармактык комитетте уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору жактырылды
Бүгүн, 17-февралдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда колдоого ээ болду.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Жыйында баяндама жасаган комитет төрагасы Болотбек Борбиев белгилегендей, мыйзам долбоору уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү жана аны биротоло жок кылуу максатында иштелип чыккан. Анын негизинде кылмыштардын рецидиви түшүнүгүн кайра киргизүүнү кароо жана мүлктү конфискациялоонун айрым маселелери чечүү сунушталууда.
Андан тышкары, жыйында депутат Дастан Бекешев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда колдоо тапты.
Мыйзам долбоору менен комитет төрагасы Болотбек Борбиев тааныштырып, ал аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун ийкемдүү жана гумандуу системасын түзүү, ошондой эле алардын аракетке жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү максатында иштелип чыкканын билдирди.
