Бишкекте 33төн кем эмес адистештирилген кальян жайы иштеп жатат
1 июнь

Бишкекте 33төн кем эмес адистештирилген кальян жайы иштеп жатат

Бүгүн, 1-июндагы Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)» өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоорун тааныштырган экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова белгилегендей, мыйзам долбоору менен төмөнкүлөр сунушталууда: кальян чегүүгө адистештирилген лицензиясы бар жайларда гана уруксат берүү; кальян кызматтарын көрсөтүү боюнча ишти лицензиялануучу иштин түрлөрүнүн тизмесине киргизүү; кальян жайларына карата талаптарды (өзүнчө залдар, желдетүү системалары, санитардык ченемдер) белгилөө.

Муну менен катар баяндамачы депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Бишкек шаарында барлар менен түнкү клубдарды эсепке албаганда 33төн кем эмес адистештирилген кальян жайы иштеп жатканын маалымдады.

Талкуу учурунда депутат Советбек Рустамбек уулу сезондук кафелерде жана эс алуу борборлорунда, ошондой эле жеке адамдар тарабынан кальянды колдонуу тартибин тактаса, эл өкүлү Айгүл Ахмедова никотин жеткирүүчү электрондук буюмдарды сатылышын жөнгө салуу маселесин ортого салды. Ал эми депутат Улукбек Карыбек уулу кальяндын коомдук жайларда колдонулушун кылдат талдоо керектигин белгилеп, бул тармактагы тыюу салуулар аткарылбай жаткандыгы үчүн жооптуу мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги тууралуу маселеге көңүл бурду. Өз кезегинде депутат Жылдыз Эгенбердиева кальян жана башка никотин камтыган каражаттарды колдонууга байланыштуу дем алуу органдарынын ооруларынын көбөйүшүнө тынчсыздануусун билдирип, бул жаатта илимий изилдөөлөрдү жана алдын алуу чараларын күчөтүү зарылдыгын айтты.

Муну менен катар комитет Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин колдонулушун токтотуп туруу тууралуу» мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Алсак, мыйзам долбооруна ылайык, крематорийлердин ишин жөнгө салуучу ченемдерди ишке ашыруу үчүн талаптагыдай уюштуруучулук, укуктук жана инфраструктуралык шарттарды түзүү максатында «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин колдонулушун 2040-жылдын 1-январына чейин токтотуп туруу сунушталууда.