Казакстандык парфюмер Садыр Жапаров үчүн автордук атыр жараткан
Казакстандык парфюмер Гүлжан Түзел Кыргызстан президенти Садыр Жапаров үчүн автордук атыр жаратканын социалдык тармактар аркылуу билдирди.
Анын айтымында, жыпар жыттын композициясы Кыргызстандын табиятынан шыктануу менен түзүлгөн. Атырдын негизин Ысык-Көлдүн сергектиги, ошондой эле кыргыз жергесиндеги өсүмдүктөр менен гүлдөрдүн жыты түзөт.
Гүлжан Түзел парфюмерия өнөрүн Францияда өздөштүргөнүн, ал эми апасы Кыргызстанда туулганын белгиледи.
«Мени колдоп, жайылтып коюңуздар, кыргыз боордоштор! Threads'тын, социалдык тармактардын жана адамдык байланыштардын күчүнө ишенем», – деп жазып, колдонуучулардан өз эмгегине көңүл бурууга көмөк көрсөтүүнү суранган.
Парфюмердин айтымында, ал социалдык тармактардагы колдоонун аркасында жараткан атырын президент Садыр Жапаровго жеке өзү тапшырууну көздөйт.
Азырынча бул атыр мамлекет башчысына тапшырылганы тууралуу расмий маалымат жок.
