Кыргызстан эки жаңы учак сатып алууну пландоодо
2026-жылы Кыргызстан эки жаңы учак сатып алат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Нарын" аэропортунун ачылышында билдирди.
Анын айтымына караганда, эл аралык каттамдар үчүн Airbus же Boeing маркасындагы учак сатып алуу пландалууда.
"Эмки жылга дагы бир “Бомбардиер Даш-8” үлгүсүндөгү учакты, ал эми эл аралык каттамдарды аткаруу үчүн “Боинг” же “Эйрбас” сымал чоң учактарды сатып алуу пландалган. Мындай учактардын ишке кириши менен ички каттамдардын туруктуулугу жана жеткиликтүүлүгү бекемделип, эл аралык каттамдардын саны кескин көбөйөт", - деди ал.
“Бомбардиер Даш-8” учагы менен Бишкек-Нарын-Бишкек жана Бишкек-Казарман-Бишкек каттамын үзгүлтүксүз жүргүзүү мерчемделүүдө.
Белгилей кетсек, бүгүн көп жылдан бери иштебей турган “Нарын”, “Казарман” аэропортторунун ачылышы болду.
