Токмокто милициянын көчмө кабылдама пункту ачылды
Токмокто 28-июлда милициянын көчмө кабылдама пункту ачылды.
Иш-чарага Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги, ЕККУнун өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана чакырылган коноктор катышты.
Көчмө милиция пункту Токмок шаарынын жана ага жакын жайгашкан калктуу конуштардын аймагын тейлейт. Жергиликтүү тургундар жана туристтер милиция кызматкерлерине ар кандай маселелер боюнча кайрылып, укуктук кеңештерди жана зарыл жардамды ала алышат.
Чүй облустук ИИББден билдиришкендей, жарандардын ар бир кайрылуусу мыйзам талаптарына ылайык ыкчам каралат.
Салтанаттуу аземде Көчмө милиция пунктун колдоо ассоциациясынын директору, Кыргызстандын ИИМ академиясынын ардактуу профессору, милициянын отставкадагы полковниги Шамшыбек Мамыров сөз сүйлөдү.
Ал көчмө милиция пункттары калкты тейлөөнүн сапатын жогорулатууга жана милиция менен коомчулуктун ортосундагы ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Учурда Чүй облусунун дээрлик бардык райондору көчмө милиция пункттары менен камсыздалган.
