Муфтият 2025-жылдагы битир-садаканын өлчөмүн бекитти
23 февраль

Муфтият 2025-жылдагы битир-садаканын өлчөмүн бекитти

Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалышы 2025-жылдагы битир-садаканын өлчөмүн бекитти. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты. 

Кыргызстандагы мусулмандар үчүн садака-фитирди берүүнүн, жыйноонун жана шариятка ылайык жумшоонун төмөнкү тартиби бекитилди:

1. Садака-фитир ар бир жан башына буудай, ун жана мейизден 1 кг 600 грамм, ал эми арпа жана курмадан 3кг 200 грамм же алардын акчалай баасынын өлчөмү берилет.

2. Баалардын туруксуздугуна байланыштуу, садака-фитирди берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз. 

3. Садака-фитир берүүчү адам төмөндө көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел.