КР ИИМ эл аралык технологиялык компаниялар менен кызматташууну күчөтүүдө
Шэньчжэнь шаарында 4-августта Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Суюнбек Ниязбеков Hytera компаниясынын башкы директору Елин Цзян менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу маселелери, ички иштер органдарынын ишмердигине инновациялык технологияларды жайылтуу жолдорун талкуулашты.
Ошондой эле тараптар тездик менен өнүгүп жаткан технологиялар жана трансулуттук кылмыштуулук коркунучу шартында коомдук коопсуздукту камсыз кылууда санариптик чечимдерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Министрдин орун басары санариптик трансформация — Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин баса белгиледи. Телекоммуникация жана маалымат тутумдарын, анын ичинде тагылуучу унаа жана стационардык радиостанцияларды, ошондой эле боди-камераларын колдонууга өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.
Кыргыз тараптын Hytera компаниясы менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана укук коргоо органдарынын натыйжалуулугун жогорулатууга, коомдун коопсуздугун камсыздоого багытталган жаңы долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын баса белгиледи.
Белгилей кетсек, Hytera Communications Corporation Limited — дүйнө жүзү боюнча 90дон ашык өкүлчүлүгү жана 1,8 миллиондон ашык кардар базасы бар кесиптик коммуникациялык чечимдердин дүйнөлүк алдыңкы жеткирүүчүсү.
