Транспорт министрлиги: Жол тегиздөө иштери уланууда
4 август

Транспорт министрлиги: Жол тегиздөө иштери уланууда

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан асфальт төшөлө элек автожолдорду убактылуу кароодо автогрейдердин жардамы менен сүрүп – түздөө иштери уланууда.

№ 9 Жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан Кочкор-Арал-Тɵɵ-Ашуу жолу сүрүп, тегиздеп, суу алып кеткен участокторго кум шагыл аралашмасы менен толтурулуп, калыбына келтирилди.

№20 Жол тейлɵɵ ишканасы тейлеген Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолунун 7,9-33 чакырымдар аралыгында 1 даана автогрейдердин жардамы менен жол бети тегизделип, чыгып калган таштар алынды.

Ат-Башы районундагы Ача -Кайынды -Май –Босого авто жолунун 16-45 чакырымдар аралыгында шагыл жол сүрүп-тегизделип, жол жээгиндеги арыкчалар оңдолду.

№14 Жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан Сары-Булак-Арчалы-Орук-Там унаа жолунун 21-176-чакырымын (Шантуй) автогрейдери менен кырып тегиздөө иштери аткарылды.

Өлкө аймагындагы убактылуу кароодогу шагыл жолдорду жаан-чачындан кийинки калыбына келтирүү үчүн сүрүп, тегиздөө иштери муктаждыгына жараша ар ай сайын жүргүзүлүп турат.