Чүй ОИИББ Токмок шаарында 11-июль күнү түнүчүндө болгон окуя боюнча бидирет
12 июль

Чүй ОИИББ Токмок шаарында 11-июль күнү түнүчүндө болгон окуя боюнча бидирет

2025-жылдын 11-июлунда Токмок ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө саат 23:30 чамасында Токмок шаарынын борбордук аянтында саат 00:19 чамасында Токмок шаарынын Победа көчөсүндө 30 чакты бала мушташып жаткандыгы боюнча билдирүү келип түшкөн.

Маалыматтын негизинде Токмок шаардык ички иштер органдары тарабынан кечиктирилгис шартта ыкчам иштер жүргүзүлүп, жыйынтыгында ички иштер бөлүмүнө 24 адам жеткирилип, алардын арасында 17 өспүрүм аныкталган.

Профилактикалык иш-чаранын алкагында 14 өспүрүм балдардын ата-энесине Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 74-беренесине ылайык протоколдор түзүлүп, ата-энесине өткөрүлүп берилген. Мушташуу фактысы аныкталган жок.

Чуй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы эскертет: кылмыштуу кыймыл аракеттерге жана укук бузууларга мыйзамдын талабына ылайык катуу чаралар көрүлөт.