Кыргызстандын Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгү күчөтүлгөн режимде ишин улантууда
4 август

Кыргызстандын Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгү күчөтүлгөн режимде ишин улантууда

Россия Федерациясынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде  Кыргыз Республикасынын жарандарына, укуктук статусту жөндөп алуу үчүн 2025-жылдын 10-сентябрына чейин берилген мөөнөтүнүн аяктап бара жаткардыгына байланыштуу Кыргызстандын Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгү күчөтүлгөн тартипте ишин улантууда.

КР ТИМден кабарлашкандай, элчилик, күн сайын Кыргыз Республикасынын жарандары көбүрөөк жүргөн жерлерге  үзгүлтүксүз барышып, Россиянын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жеринде жолугушууларды өткөрүшүп, андан тышкары, кыргыз диаспорасы менен тыгыз байланышта иш алып барышып, расмий интернет-ресурстар жана социалдык тармактар аркылуу маалыматтык материалдарды жана видеороликтерди тынымсыз таркатып жатышат.

Бул ишти күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигинин тапшырмасы менен  Россия Федерациясына жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжалуулугун арттыруу жана жарандарга көмөктөшүүнү күчөтүү үчүн  Борбордук аппараттан кошумча кызматкерлер элчиликке жиберилди.

Күн сайын элчиликтин консулдук бөлүмүнө ар кандай маселелер боюнча 500дөн 700гө чейин Кыргыз Республикасынын жарандары келип, аларга ар кандай консулдук кызматтар жана консулдук-укуктук жардамдар көрсөтүлүүдө. Алсак, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле Элчилик тарабынан жарандарга 89 464 консулдук кызмат жана иш-аракеттер көрсөтүлгөн, алардын ичинен 6 249 Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун алкагында аткарылган.

Элчиликтин ишеним телефону аркылуу 19 655 жаранга укуктук консультация берилди, ошондой эле социалдык тармактар аркылуу кайрылган 8 151 мекендештердин кайрылууларына тиешелүү укуктук консультациялар берилди, ал эми  документтештирүү боюнча 39 612 жаран консультация алышты. Ошол эле учурда, жеке кабыл алуу аркылуу 5 500 жаранга консулдук-укуктук жардам берилди. Мындан тышкары, жарандардын жазуу жүзүндөгү 492 арызы каралып, алардын ичинен 409 кайрылуу оң чечилген.

2025-жылдын жарым жылында, консулдук кызматкерлер укук коргоо органдарына, ооруканаларга, моргдорго, аэропортторго 240тан ашык консулдук чыгуулар аткарылды. Россиянын аймагындагы түзөтүү абактарында жазасын өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын 87 жаранына барып жолугушту.  Ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек 15 баланы мекенине кайтарууга көмөк көрсөтүлдү. 116 жаранды административдик жоопкерчиликтен, ал эми 10 мекендешти кылмыш жоопкерчилигинен бошотушту. Кыргыз Республикасына оор турмуштук кырдаалга кабылган, анын ичинде зомбулуктун курмандыктары болгон 19 жаран өлкөгө кайтарылды.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы  Элчилиги Россиянын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын көңүлүн 2025-жылдын 10-сентябрына чейин өзүнүн укуктук статусун алдын-ала жөнгө салуу зарылдыгына кайрадан бурат. Белгиленген талаптарды өз убагында аткаруу – мыйзам бузуу менен байланышкан мүмкүн болуучу терс кесепеттердин алдын алууга  мүмкүндүк берет.