Эгемендүү Казакстандын тунгуч космонавты Талгат Мусабаев дүйнө салды
4 август

Эгемендүү Казакстандын тунгуч космонавты Талгат Мусабаев дүйнө салды

Эгемендүү Казакстандын тунгуч космонавты Талгат Мусабаев 75 жаш курагында дүйнө салды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев космонавттын каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты.

Мамлекет башчысы көңүл айтуу телеграммасында Талгат Амангелдиевич үч жолу космосту багындырган жана космоско учуп кеткен, Казакстанды эрдиктери менен даңазалаган баатыр экенин белгилеген. Ал казак улутундагы алгачкы космонавттардын бири болду.

"Ал өзүнүн бүткүл эмгек жолун ата мекендик космонавтиканын өнүгүшүнө арнаган. Сенаттын депутаты жана коомдук ишмер катары көптөгөн алгылыктуу иштердин демилгечиси болгон. Кесипкөйлүгү жана жигердүү жарандык позициясы менен коомдо чексиз урмат-сыйга ээ болгон Талгат Амангелдиевичтин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат", - деп билдирди Акорданын басма сөз кызматы.