Ошто 12 кабаттан турган сегиз ипотекалык үй курулат
8 октябрь

Ошто 12 кабаттан турган сегиз ипотекалык үй курулат

Ош шаарынын Курманжан-Датка жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы "Асман резиденс №1 Ош" турак жай комплекстин капсуласын Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев салды.

Бул жерге 12 кабаттан турган 8 үйдүн курулушу пландалган, батирлердин жалпы саны 528. Долбоордо көп кабат үйлөрдүн астында спорт жана балдар аянтчалары, жер алдындагы унаа токтоочу жайлары, коомдук тамактануучу жайлар жана соода дүкөндөрү камтылган. Турак жай комплекси курулуп жаткан жердин жалпы аянты1,3 гектар.

Курулуштун сапатын тиешелүү мамлекеттик мекемелер тынымсыз мониторинг жүргүзүп, курулушта иштетилип жаткан материалдар атайын лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлүп турат. Андан сырткары Президент Садыр Жапаров да жеке көзөмөлүнө алган.