Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин өкүлүн кабыл алды
президенттин администрациясы
1 июнь

Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин өкүлүн кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 1-июнда, Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Жунг Тапаны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө репатрианттарды реабилитациялоо жана кайра социалдаштыруу маселелери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси, БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгы жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурулуп жаткан Аймактык эксперттик кеңештин алдыдагы жыйыны талкууланды.

Буга байланыштуу Адилет Орозбеков аталган жыйын балдарды реабилитациялоо жана кайра интеграциялоо жаатында тажрыйба алмашуу максатында компетенттүү мамлекеттик органдар менен эл аралык уюмдардын өз ара аракеттенүүсү үчүн маанилүү аянтча болоруна токтолду.

Ал тиешелүү мамлекеттик органдар кайтарылып келген балдардын кайра коомго ыңгайлашуусу жана интеграцияланышы үчүн мүмкүн болушунча жагымдуу шарттарды түзүүгө багыт алып жатканын баса белгиледи.

Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчысы Кыргызстандагы балдарды колдоого байланышкан гуманитардык маселелерди чечүүдөгү ЮНИСЕФтин салымын жогору баалады.