Баткен облусунда беш айда 78 жол кырсыгы катталып, андан 19 адам каза болгон
Баткен облусунун аймагында 2025-жылдын 5 айында 78 жол кырсыгы катталган. Андан 19 адам каза болгон. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11 учурга аз.
Катталган жол кырсыктарынан 139 адам ар кандай жаракаттарды (2024-жылы 126 адам) алган.
Ал эми жаш балдар катышкан жол кырсыктарынын саны (20дан 25ге) 5 учурга көп катталган, каза болгон жаш балдардын саны (2ден 2ге) барабар, жаракат алган балдардын саны (21ден 28 ге) 7ге өскөн.
