Бишкекте кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз ээлеп алуу менен байланышкан алдамчылыкка шектүү кармалды
Милицияга К.Д. аттуу жаран жазуу жүзүндө арыз менен кайрылып, анда өзүн күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катары тааныштырган белгисиз адамдар алдоо жана ишенимге кирүү жолу менен Бишкек шаарынын «Восток-5» кичи районунда жайгашкан өзүнө таандык кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алышканын билдирген. Натыйжада ага өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө жана техникалык иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары М.А., 2006-жылы туулган жаран аныкталып, кармалды.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, кармалган жаран Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда милиция кызматкерлери кылмыш иши боюнча кошумча далилдерди топтоо, кылмышка тиешеси бар башка адамдардын өздүгүн жана жүргөн жерин аныктоо, ошондой эле окуянын бардык жагдайларын ар тараптуу жана объективдүү иликтөө боюнча ыкчам-издөө жана техникалык иш-чараларды улантууда.
