Садыр Жапаров Тажикстанга барат
1 июль

Садыр Жапаров Тажикстанга барат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Тажикстанга барат. Бул тууралуу президенттин коңшу өлкөнүн тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду. 

Тараптардын жолугушуусу 30-июнда Чолпон-Атада өттү. 

Жолугушууда өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы тараткан билдирүүгө караганда, Садыр Жапаров Тажикстанга мамлекеттик сапар менен барат. Азырынча сапардын так датасы айтыла элек.