Россиялыктар Кыргызстанды КМШ өлкөлөрүнүн арасында кандай баалашат
Россиялыктар мурдагыдай эле КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң туруктуу жана ишенимдүү өнөктөштөр катары Беларусь, Казакстан жана Өзбекстанды атап келишет. Бул тууралуу постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөрдү кабыл алуу боюнча жүргүзүлгөн ВЦИОМ аналитикалык борборунун изилдөөсүндө айтылат.
Сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, Беларусь талашсыз лидер бойдон калууда: респонденттердин 75%ы аны аймактагы эң ийгиликтүү өлкө деп аташса, 83%ы Орусия үчүн эң ишенимдүү өнөктөш деп баалашкан. Казакстан ийгиликтүүлүк деңгээли боюнча экинчи орунда (47%), бирок аны ишенимдүү өнөктөш катары 24% гана көрүшөт. Өзбекстан үчүнчү орунду ээлеп, ийгиликтүүлүк боюнча 17%, ишенимдүүлүк боюнча 12% көрсөткүчкө ээ болгон.
Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан «боз аймактагы» өлкөлөр катары бааланган. Изилдөөгө ылайык, бул мамлекеттердин ийгиликтүүлүк жана ишенимдүүлүк көрсөткүчтөрү 4–8% деңгээлинде калып, акыркы жылдары олуттуу өзгөргөн эмес.
Түштүк Кавказ өлкөлөрү — Армения, Азербайжан жана Грузия — боюнча баалар кыйла өзгөрмөлүү экени белгиленет. Мында алардын ишенимдүүлүк көрсөткүчтөрү акыркы жылдары бир нече эсеге төмөндөгөн.
Ошондой эле изилдөөдө респонденттердин жаш курагына жараша айрым өлкөлөргө болгон баа ар башка экендиги айтылат: жаштар айрым мамлекеттерди улуу муунга салыштырмалуу көбүрөөк ийгиликтүү деп баалашат.
Сурамжылоо 2026-жылдын 3-апрелинде телефон аркылуу 1600 респонденттин катышуусунда Орусия боюнча жүргүзүлгөн. Тандоонун катачылыгы 2,5%дан ашпайт.
