Эмгек министри аялдарга карата зомбулукту токтотуу үчүн алдын алуу чараларын иштеп чыгууну талап кылды
Эмгек, социалдык камсыздоо, миграция министри Равшанбек Сабиров аталган министрликтин ушул жылдын 6 айындагы иш аракетинин жыйынтыгын чыгарган коллегияда аялдар темасына көңүл бурду.
Ал “мамлекетибиздин эң чоң байлыгы – анын жарандары” экенин белгилеп, анын ичинде “гендердик саясатта аялзатына өзгөчө көңүл бурууну күчөтүүнү” талап кылды.
“Коомго “Бейиш – эненин таманында” деген мамилени терең сиңиртүүбүз зарыл. Зордук-зомбулукка каршы иш чаралар кырсыкка чейин аткарылып, анын алдын алуусу керек. Өзгөчө Өзгөндө болгон окуяларды унутуп, кайдыгер калтырбай, дыкаттык менен талдап, экинчи кайталангыс кылган регламенттерди иштеп чыгууну талап кылам. Долбоорлордун ар биринде Президентибиздин зордук-зомбулукка “кайдегерликсиз каршылык” талабы кызыл түстө сызылууга тийиш”, – деп эскертти Сабиров.
Ошондой эле, министр демографиялык багыт күчөтүлөрүн, 2050-жылга чейин калктын санын 10 миллионго жеткирүү башкы максат экенин билдирди.
