Жээнбек Кулубаев КМШ ТИМ башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат
10 апрель

Жээнбек Кулубаев КМШ ТИМ башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 11-апрелде Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышат. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык күн тартибинин жана шериктештик форматындагы өз ара аракеттенүүнүн маселелери боюнча пикир алмашат, ошондой эле КМШга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жана мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйындарына сунушталган чечимдердин долбоорлорун карашат.