ОСАГО боюнча түшүндүрүү иштери: жарандарга кошумча убакыт берилет
Бүгүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Джоробеков Женишбек Мамаюнусович менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасы Калдарбеков Элдияр Султанович жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушуунун алкагында Элдияр Калдарбеков 2025-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кире турган "ОСАГО" жөнүндө мыйзам боюнча айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле, ал азыркы тапта айрым жарандар техникалык же башка себептерден улам полис алып үлгүрбөй калганын эске алуу менен, жарандарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана аларга жакынкы күндөрү полис алып алуу мүмкүнчүлүгүн берүүнү өтүндү.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери мындай учурларда жарандарга түшүндүрүү мүнөзүндөгү эскертүүлөр менен чектелип, жарандарды полис алып алууга багыттоону колдоого алышты.
Эскерте кетүүчү жагдай: Полис алып жетишпей калган жарандар үчүн жакынкы аралыкта «Түндүк» тиркемеси же мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун филиалдары аркылуу же мобилдик тиркемелери (мега пей,мбанк ) сайт страхование.кж сайты аркылуу онлайн ОСАГО полисин тез жана ыңгайлуу алуу мүмкүнчүлүгү бар.
