Кылычбек Султан Пакистандын президентине ишеним грамоталарын тапшырды
Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Кылычбек Султан Пакистан 22-августта Ислам Республикасынын президенти Асиф Али Зардариге ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чара Исламабад шаарындагы президенттик «Айван-е-Садр» сарайында Ардактуу кароолдун катышуусунда жана бардык дипломатиялык протоколдорду сактоо менен өткөрүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Кыргыз Республикасынын президентинин жана элибиздин атынан Пакистанда жакында болгон табигый кырсыктардын курмандыктарына байланыштуу терең кайгыруу жана көңүл айтуу сөздөрүн жеткирди.
Президент Зардари көрсөткөн колдоо жана тилектештик үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар салттуу достук мамилелерди мындан ары чыңдоо жана саясий, соода-экономикалык, маданий жана гуманитардык тармактардагы кызматташууну өркүндөтүү ниетин тастыкташты.
Пакистандын президенти Кыргызстанды табияттын кооздугу жана элинин меймандостугу үчүн жогору баалап, Кыргыз Республикасына келүү ниети бар экенин билдирди.
