Чүй облусунда “Хизбут-Тахрир аль-Ислам” уюму агымынын мүчөлөрү аныкталды
30 июнь

Чүй облусунда “Хизбут-Тахрир аль-Ислам” уюму агымынын мүчөлөрү аныкталды

Чүй ОИИББнын жана Чүй РИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан жүргүзлгөн рейддик иш-чаранын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган “Хизбут-Тахрир аль-Ислам”диний экстремстик уюмунун идеологиясын жайылтуу менен алектенген 1971-жылы туулган Г.К., жана 1977-жылы туулган М.А. аттуу тургундар аныкталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан бул фактынын алкагында текшерүү иштери өткөрүлүп, жогорудагы жарандардын үйлөрүнө тинтүү иштери жүргүзү учурунда тиешелүү далил заттар катары уюлдук телефондор жана китепчелер алынган.

Алынган материалдарга карата баардык керектүү экспертизалар дайындалган, учурда тергөө иштери уланууда.