Ысык-Көл облусунда быйыл 55,9 миң акылдуу эсептегич орнотулат
31 январь

Ысык-Көл облусунда быйыл 55,9 миң акылдуу эсептегич орнотулат

Ысык-Көл электр тармактар ишканасы керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу, дебитордук карыздарды азайтуу, ошондой эле электр энергиясы үчүн төлөмдөрдүн ачык-айкындуулук принциптерин киргизүү максатында акылдуу эсептегичтерди (Электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасы) орнотуу иштерин улантууда.

Жалпы Ысык-Көл облусу боюнча 2025-жылы 55 923 акылдуу эсептегичтерди орнотуу пландалууда.

Анын ичинен: 

  • Жети-Өгүз РЭТине 17600,
  • Балыкыч РЭТине 6700,
  • Ак-Суу РЭТине 10700,
  • Каракол РЭТине 2223,
  • Чолпон-Ата РЭТине 8100,
  • Тоң РЭТине 10600 даана акылдуу эсептегичтер бөлүштүрүлөт.

Бүгүнкү күндө ишканага 5000 акылдуу эсептегич келип түшүп, орнотуу иштери башталды.

Маалыматка ылайык, 2024-жылы Ысык-Көл электр тармагы ишкнасы боюнча 15091 кардарга акылдуу эсептегич орнотулду.Анын ичинен12590 даана Түп районуна орнотулду.