Кызыкчылыктар кагылышы: ата-бала же бир туугандар бир тармакта иштей алышпайт – бири жумуштан кетүүгө тийиш
Депутат Улан Примов Жогорку Кеңештин жыйынында кызыкчылыктардын кагылышы тууралуу декларацияны туура эмес толтуруп алган кызматкерге тартиптик жаза катары кызматтан алуу каралганына каршы чыкты.
Айтымында, турмушта ар кандай жагдай болот, техникалык мүчүлүштүктөн улам дагы декларацияны туура эмес толтуруп алуу мүмкүн.
“Дароо эле жумуштан алып салуу канчалык негиздүү. Бир катанын айынан кызматынан кол жууп кете береби?” – деди депутат.
“Мыйзамдын аткарылышы боюнча декларацияны толук эмес же туура эмес толтурган кызматкерлерге тартиптик жаза каралат. Бирок тартиптик жаза берээрдин алдында ар бир кызматкерге комиссия түзүлүп, кызматтык териштирүү жүргүзүлөт жана комиссия жетекчиге сунуштама берет. Кетирген катанын деңгээлине жараша ал кызматкерге эскертүү берилет же сөгүш берилет же кызмат ордунан төмөндөтүлүп же такыр эле жумуштан бошотулат”, - деди Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Усеналиева.
Примов комиссия жетекчинин куралына айланып калбайбы деп сурады. Мисалы, жетекчиге кайсы бир кызматкер жакпаса, жеке жактырбоосу бар болсо, аны кызматтан кетирүү үчүн комиссияны пайдаланбайт деген кепилдик жок.
Усеналиеванын айтымында, комиссия ар бир жагдайга жаңыдан түзүлөт жана кызыкчылыктар кагылышы сөзсүз эске алынат. Аны менен катар “идеалдуу болот деп айта албай турганын, бирок мүмкүн болушунча так кылууга аракеттенишерин” белгиледи.
Ошондой эле, кызыкчылыктар кагылышы боюнча декларация бул салык декларациясы эместигин, салык декларациясында цифрадан ката кетиши мүмкүндүгүн, а кызыкчылыктар кагылышында – кызматкердин айлык акысы, өзү иштеген тармакта кандай тааныштары – жакын туугандары, группалаш, классташтары – иштей турганын гана толтурарын кошумчалады.
“Мындан ката кетирүү мүмкүн эмес”, – деди Усеналиева.
Анын айтымында, Эмгек кодексине ылайык, жакын туугандарга үй-бүлө мүчөлөрү кирет. Эгерде бир адам кайсы бир жумушка дайындалса, бирок ал жакта анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири иштесе, мисалы, кызы же бир тууганы, анда бирөөсү жумуштан кетүүгө тийиш.
