Жарым жыл ичинде дээрлик бир миллион кыргызстандык Эмгек министрлигинин кызматтарынан пайдаланды
2026-жылдын биринчи алты айында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ар кандай кызматтары менен 989,5 миң адам, башкача айтканда, өлкө калкынын болжол менен 14 пайызы камтылды.
Бул тууралуу министрликтин коллегиясында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары К.С. Досматов билдирди.
410,6 миң адамга жөлөкпулдар жана компенсациялар түрүндө социалдык төлөмдөр берилди.
112,2 миң жаран иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, эмгек жана эмгек мамилелери чөйрөсүндөгү кызматтар менен камтылды.
Мындан тышкары, майыптыгы бар адамдарды, улгайган жарандарды, оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана балдарды камтыган 361,7 миңге жакын адамга ар кандай социалдык кызматтар көрсөтүлдү. Алардын арасында майыптар үчүн кресло-коляскалар жана протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыздоо, реабилитациялоо, санатордук-курорттук жолдомолорду берүү, үй шартында кам көрүү жана башка жардамдар бар.
Миграция чөйрөсүндө 105 миңге жакын адам кызмат көрсөтүүлөр менен камтылды.
Досматов белгилегендей, мамлекет тарабынан кепилденген социалдык милдеттенмелер толук көлөмдө аткарылууда.
