Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат
Бишкекте 5-августта жолду капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу Ахунбаев көчөсүнүн Б.Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.
Мэриядан кабарлашкандай, 2025-жылы Ахунбаев көчөсү 7-апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин оңдолууда.
Эске салсак, 2024-жылы Ахунбаев көчөсү Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Ч. Айтматов проспектисине чейин оңдоп-түзөөдөн өткөн.
Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт жана тыгындарды болтурбоо үчүн каттамыңызды алдын ала пландап, коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.
