Ылдамдыкты азайтыңыз! ЖКККББ айдоочу жана жөө жүргүнчүлөргө кайрылды
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалык (ЖКККББ) аба ырайынын өзгөрүүсүнө байланыштуу жол эрежелерин так сактоону эскертет.
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу – (кар, жаан, тайгак жолдор, туман жана шамал сыяктуу табигый шарттар) — жолдо жүрүү коопсуздугу кыйла төмөндөйт.
Ошондуктан башкармалык айдоочу жана жөө жүргүнчүлөргө кайрылып, бир катар эрежелерди эскертти.
Айдоочуларга:
- Унааңыздын техникалык абалын текшерип чыгыңыз (тормоз, жарык берүүчү түзүлүштөр, дөңгөлөктөр ж.б.).
- Ылдамдыкты азайтыңыз жана аба ырайына жараша тууралаңыз.
- Алдыңыздагы унаа менен коопсуз аралыкты сактаңыз.
- Тайгак жана көрүнүш начар болгон шарттарда ашыкча тобокелге барбаңыз.
- Башка жол кыймылынын катышуучуларына өз убагында жол бериңиз.
Жөө жүргүнчүлөргө:
- Жөө өтмөктөрдү гана колдонуңуз.
- Жолдон өткөндө эки тарапты тең жакшылап карап, ынангандан кийин гана өтүңүз.
- Жөө жүрүүчү кийимдериңизде көзгө көрүнөрлүк элементтер болушу сунушталат (айрыкча кечки же тумандуу убакта).
