Таңкы рейд: Ош шаарынын мэри курулуш жумуштары менен таанышты
Бүгүн, 15-майда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте кезектеги рейддик кыдырууга чыгып, А.Мамыров, Д.Садырбаев көчөлөрүндө жана Ж.Мамытов атындагы аллеяда жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү менен таанышты.
Рейддин жүрүшүндө мэр Д.Садырбаев көчөсүндөгү көп жылдардан бери каралбай турган имаратты муниципалдык менчикке өткөрүлгөндүгүн айтып, аны Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын ыкчам башкаруусуна берилгендигин, бул жерди тез арада оңдоп-түзөп, аталган ишкананы бул жерге көчүрүү боюнча тапшырманы берди.
Шаар башчысы андан ары А.Мамыров көчөсүндө жүрүп жаткан жумуштарды көрүп, кызыл сызыкка чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштарды алып салуу, буга чейин берилген эскертүүлөргө карабастан бузулбай турган курулуштарды буздуруу боюнча тиешелүү кызматтарга милдеттендирди.
Аны менен катар бул көчөдө жайгашкан Кайырма каналынын жээгинде, суу корук аймагына курулуп калган мыйзамсыз коомдук тамактануучу, соода-сатык жайлардын мыйзамдуулугун карап чыгып, алардын ордуна жалпы эл пайдалуудагы эс алуу жайынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына 3 күндүк мөөнөт берди.
Ошондой эле Ж.Мамытов атындагы аллеяда жүрүп жаткан жумуштарды көрүп чыгып, акындын 85 жылдык мааракесине карата жумуштарды тез аранын ичинде сапаттуу бүткөрүү тапшырмасын койду.
