Күз-кыш мезгилине даярдык. Ош облусунда жыйын өттү
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын чоң жыйындар залында бүгүн, 1-октябрда өкүлдүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаевдин төрагалыгы астында 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Иш-чарага энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков, район акимдери, облустук жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Жыйында облус аймагындагы күз-кыш мезгилине карата даярдыктардын жүрүшү, аймактардагы жылытуу системаларынын абалы, отказандарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, көмүрдүн запасы, көмүр сактоочу жайлар жана сатуу пункттарынын даярдыгы боюнча маселелер талкууланды.
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге так тапшырмалар жүктөлүп, кемчиликтерди кыска убакыттын ичинде жоюу боюнча ыкчам чараларды көрүү милдеттендирилди.
