Раззаков шаарында 17 метрлик стелла курулууда
Баткен облусундагы Раззаков шаарында аймактын маданий өзгөчөлүгүн жана тарыхый мурасын даңазалаган өзгөчө архитектуралык долбоор ишке ашырылууда.
УТРК Баткен жазгандай, шаардын так ортосунда бийиктиги 17 метрге жеткен стелланын курулушу кызуу жүрүп жатат.
Курулуш ишине жергиликтүү ишкерлер демөөрчүлүк кылып, жалпы 4 млн сом бөлүшкөн. Стелла заманбап архитектуралык ыкмалар менен, улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен курулууда.
Раззаков шаардык мэриясы долбоорду жылдын аягына чейин толук бүтүрүүнү пландоодо.
