Ашууларда кар жаап жатат. Транспорт министрлиги унаанын дөңгөлөктөрүн алмаштырууга чакырат
Кыргызстанда бүгүн, 1-октябрга карата абанын температурасы төмөндөп, тоолуу аймактарда жана ашууларда (Өтмөк, Төө-Ашуу) кар жаап жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлайт.
Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймакты көзөмөлдөп, зарыл учурда тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө.
Каттам бар, жол ачык.
Министрлик өлкөдөгү туруксуз аба ырайына жана 2025-2026-жылдын күз-кыш мезгилине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерине байланыштуу тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга жана каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.
