Вьетнамда Кыргызстандан Германияга 670 кг героинди аткезчилик менен ташуу үчүн издөөдө жүргөн баңгизат сатуучу кармалды
4 август

Вьетнамда Кыргызстандан Германияга 670 кг героинди аткезчилик менен ташуу үчүн издөөдө жүргөн баңгизат сатуучу кармалды

2025-жылдын  31-июль күнү Вьетнам Социалисттик Республикасынын аймагында Германия Федеративдик Республикасына 670 килограмм салмактагы “героин”  баңгизатынын  аткезчилигин уюштурууга айыпталган эл аралык издөөдө жүргөн  О.У. Д. кармалды.

Кармоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери, Вьетнамдын укук коргоо органдары жана Интерполдун Башкы катчылыгынын өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлгөн эл аралык операциянын натыйжасында болду.

Кылмыш иши 2019-жылы Германиянын полициясы чыгыш таттууларынын таңгактары катары кылдаттык менен жашырылган героиндин ири партиясын кармаганда башталган. Бишкектеги “Элит Шоко” фирмасынын жүгү делип, Германиянын аймагына “түрк таттуулары” катары келген. Тергөөнүн жүрүшүндө  О.У.Д.  чет өлкөлүк жаран Х.П. жана башка шериктери менен бирге эл аралык кылмыштуу топтун курамында иш алып баргандыгы аныкталган. Кылмышкерлер афган героининин ири партиясын сатып алып, халва пакеттерине катып, жасалма документтер менен чек арадан өткөрүшкөн.

Азыркы учурда ыйгарым укуктуу органдар менен биргеликте кармалган адамды мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартуу үчүн Кыргыз Республикасына экстрадициялоо маселеси чечилип жатат.