Бишкек шаарынын Октябрь РИИБде болгон мыйзам бузуу окуялары боюнча ИИМдин жүргүзүлгөн кызматтык териштирүү жыйынтыгы боюнча чечимдер кабыл алынды
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысына жана орун басарларына катуу сөгүш тартиптик жазасы берилди.
Бишкек ШИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы Улан Бердибаевге жана Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Гайрат Рахмановго ээлеген кызматына толук эместиги жөнүндө эскертүү тартиптик жазасы берилди. Ал эми Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Канат Айдакеев ээлеген кызматынан бошотулду.
Баардыгы болуп Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын 8 жетекчисинин жоопкерчилиги каралды.
Ошону менен бирге Бишкек шаарынын төрт районунун ички иштер башкармалыктарына мыйзам бузуунун жана кызматтык тартиптүүлүктү алдын алуу максатында ички иликтөө кызматынын бирден кошумча кызмат орду киргизилди.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ар бир болгон мыйзам бузуу жоопкерчиликсиз калбастыгын жана ар бир мыйзам бузууга барган кызматкерлерге жана түздөн түз жетекчилерине принципиалдуу баа берилерин билдирет.
