Осмонов инфраструктурасынын канааттандырарлык эмес абалына байланыштуу болжол менен 15 жыл мурун жабылган «Камышановка» көзөмөл-өткөрүү пунктуна барды
Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов инфраструктурасынын канааттандырарлык эмес абалына байланыштуу болжол менен 15 жыл мурун жабылган «Камышановка» көзөмөл-өткөрүү пунктуна барды.
Иш сапардын жүрүшүндө учурда жүк автотранспортун өткөрүүгө да ылайыкталган жаңы көзөмөл-өткөрүү пунктун куруу пландалып жатканы белгиленди. Бул долбоордун ишке ашырылышы импорт жана экспорт шарттарын жакшыртууга, ошондой эле транспорттук-логистикалык каттамдардын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Долбоордун алкагында ошондой эле транзиттик унааларды калктуу конуштун сыртына чыгарууга шарт түзгөн альтернативдүү автоунаа жолун куруу каралган. Бул жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздык жаратпоого мүмкүндүк берет.
Бул багыттагы иштер улантылат.
