Кыргызстанда ӨКМ адистерин даярдаган кафедра ачылды
Бишкекте ӨКМ адистерин даярдаган кафедра ачылды, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, КР Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант К. Усенбеков атындагы аскер институтунда жарандык коргонуу кафедрасы ачылды.
Окуу жайда кафедра 2024-жылдын сентябрда ачылып, алгачкы курсанттар кабыл алынган.
