Баткенде алдыңкы айымдар сыйланды
Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкон, коомдук иштерге активдүү катышкан жана кызматтык милдеттерин мыкты аткарган алдыңкы айымдар сыйланды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Сыйлыктарды облус башчысы Айбек Шаменов тапшырып, айымдарды жаз майрамы менен куттуктады.
"Облустун алдыңкы айымдарына “Баткен облусуна 25 жыл” мааракелик медалы жана КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Ардак грамотасы” жана “Алкыш” баракчалары менен сыйланды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, сыйлыктар 8-март — Айымдардын эл аралык күнүнө карата ыйгарылды.
