Президенттин Иш башкармалыгы депутат Аида Исатбек кызы көтөргөн дооматка жооп берди
Жогорку Кеңештин 14-майдагы жыйынында депутат Аида Исатбек кызы мамлекеттик ипотекалык программа боюнча бир катар айыптоолорду айтып чыгып, “батирлер адилетсиз бөлүштүрүлүүдө, айрымдар өз адамдарын алдыга жылдырып жатат” деген пикирди билдирген. Буга байланыштуу президенттин Иш башкармалыгы жооп берип, төмөнкүлөрдү билдирди:
"1. Аймактык принцип — мыйзамдуу жана зарыл чара
президент Садыр Жапаровдун “Менин үйүм” мамлекеттик программасы боюнча жарлыгынын 4 бөлүмүндө негизги принциптеринин бири — аймактык бөлүштүрүү деп так жазылып турат. Бул деген:
Турак жай алуу үчүн жарандар эмгек ишмердүүлүгү расмий түрдө катталган шаар же райондон гана кезекке тура алышат.
( мисалы, Тогуз-Торо районунда эмгектенген жаран Жалал-Абад шаарынан үй алуу үчүн кезекке тура албайт.)
Депутат Аида Исатбек кызы мисал катары келтирген жаран башка райондон кезекке тургандыктан, Жалал-Абад шаарынан батир талап кыла албайт. Бул эч кандай чектөө эмес, тескерисинче – ачык-айкын, мыйзамдуу жана адилеттүү системанын бир бөлүгү.
Бул принцип — бардык жарандарга бирдей мүмкүнчүлүк түзүү, элдин ишенимин сактоо жана аймактардагы турак жай жеткиликтүүлүгүн системдүү камсыз кылуу үчүн кабыл алынган.
Анткени бүгүн жүз миңдеген жаран Бишкектен жана облустун борбор шаарларынан батир алгысы келет. Эгер аймактык чектөөлөр болбосо, борбор шаардагы батирлерге болгон басым өсүп, чыныгы муктаждар батирсиз калмак.
2. Бул система — Бишкекти жүктөн арылтуу үчүн киргизилген
Биздин максат — “кандай жол менен болсо да борбордон батир алам” деген массалык көчүүнү токтотуп, ар бир жаран өз аймагында жашап, ошол жакта өнүгүүгө шарт түзүү.
Ал эми Бишкектен мурда батир алган жарандар өз каалоосу менен башка регионго алмаштыра алышат. Бул тескерисинче, региондорду жандандырууга өбөлгө болот.
3. Электрондук кезек — адам факторун четтетет
Бардык тизмелер электрондук формада, автоматтык түрдө түзүлөт. Эч ким эч кимди “алдыга жылдырып” коё албайт.
Программага катталуу, текшерүү жана кезек күтүү адам кийлигишүүсүнөн толук ажыратылган.
Эгер кимдир бирөө мурда “сизге берилет” деп айтканы чын болсо, бирок кийин өзгөртүлгөн болсо — мыйзам эмес убада бергендердин иш-аракетин териштирүү керек. Бирок бул системанын өзү эмес, жоопкерчиликсиз адам фактору болушу мүмкүн.
4. Популизм эмес, ишеним жана сабыр керек
Мамлекет бир жарым жылдын ичинде мурда болуп көрбөгөндөй санда — миңдеген үй-бүлөгө батир берип койду. Бул — реалдуу жетишкендик.
Биз түшүнөбүз — эл күтүп чарчады. Көптөр 2–3 жылдан бери кезекте турат. Бирок программа системдүү иштеп жатат.
Эл өкүлү катары маселени көтөрүү туура, бирок аны шоуга айландырбай, биринчи расмий органдарга кайрылып, так маалымат алуу зарыл болчу. Элдин көңүлүнө ишенбөөчүлүк жаратып, “упай алуу” — бул элге кызмат кылуу эмес.
5. Президенттин тапшырмасы так: адилеттүүлүк жана ачыктык
Президенттин Иш башкармасы ар бир жарандын укугу сакталуусу үчүн ачык-айкын, акыйкат жана системдүү принциптерди колдонот. Программа бардык жарандарыбызга тең мүмкүнчүлүк берүү үчүн иштелип чыккан.
