Элчи Таалай Базарбаев Феррара провинциясында иш сапары менен болду
19 сентябрь

Элчи Таалай Базарбаев Феррара провинциясында иш сапары менен болду

2025-жылдын 18–19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчиси Таалай Базарбаев Феррара провинциясына иш сапары менен барды.

Сапардын алкагында Элчи Базарбаев Мази-Торелла шаарынын мэри Самуэле Нэри менен жолукту. Тараптар Кыргызстан региондору менен Феррара провинциясынын ортосундагы мүмкүн болгон кызматташуу тармактарын талкуулашты. Атап айтканда, Элчи Мази-Торелла шаары менен Кыргызстандын бир шаарынын ортосунда боордоштук мамилелерди орнотуу жөнүндө келишим долбоорун кароону сунуштады.

Мындан тышкары, Элчи провинцияда жайгашкан томат пастасын өндүрүүчү заводго барып, Valli Estensi s.r.l. компаниясынын президенти Антонио Ферранте менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар продукцияны кайра иштетүү жана өндүрүү тармагында кыргыз жана италиялык компаниялардын ортосундагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Ошондой эле Элчи Италиянын Депутаттар палатасынын мүчөсү Мауро Малагути менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык кызматташуу маселелерин талкуулап, эки өлкөнүн депутаттарынын ортосунда достук топторун аныктоо боюнча ишти баштоо жөнүндө макулдашышты.