Садыр Жапаров “Росатомдун” башкы директору Алексей Лихачевге “Достук” орденин тапшырды
президенттин администрациясы
2 сентябрь

Садыр Жапаров “Росатомдун” башкы директору Алексей Лихачевге “Достук” орденин тапшырды

Президент Садыр Жапаров “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Алексей Лихачевге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы – “Достук” орденин тапшырды.

Сыйлык Россиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушууда тапшырылды. 

Орден кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн ыйгарылды.