Биринин артынан бири келген сел: ӨКМ мүлктү кантип коргоо керектигин түшүндүрдү
Кыргызстанда 2026-жылдын башынан бери 240тан ашык сел агымы катталган. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылдарга салыштырмалуу быйыл сел кырсыктарынын саны өзгөчө көп болууда.
«2024-жыл да сел боюнча өтө оор жыл болгон. Анда болжол менен 133 учур катталган. Ал эми быйыл жыл башынан бери эле 240тан ашык сел жүрдү. Тилекке каршы, эки адам каза болду. 2024-жылы селден 25 адам каза болгон», – деди ӨКМдин өкүлү.
Ал белгилегендей, Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, аймактын көпчүлүк бөлүгү тоо бассейндерине байланыштуу жана бул жерлерден сел агымдары өтөт.
«Бардык топтолгон сел суулары сел жүрүүчү нугулар, сайлар аркылуу өтүп, дарыяларга кошулат жана андан ары төмөн жайгашкан мамлекеттерге агат», – деп түшүндүрдү ал.
ӨКМ жарандар үчүн турак жайды өзгөчө кырдаалдардан камсыздандыруунун маанилүүлүгүн да белгиледи. Ведомствонун маалыматына ылайык, кырсык болгон учурда камсыздандыруу компаниясы жарандарга олуттуу жардам көрсөтө алат, ал эми мамлекет тарабынан жардам айрым учурларда гана берилет.
«Калк камсыздандыруу – бул коргонуу экенин түшүнүшү керек. Бул кырсыктын кесепети болгон учурда адам материалдык жардам алып, көйгөй менен жалгыз калбай турган кепилдик», – деп белгилешти министрликтен.
Учурда жарандардын болжол менен 30 пайызы гана турак жайын камсыздандырган.
ӨКМ тургундарды коопсуздук чараларына жоопкерчилик менен мамиле кылууга, кооптуу аймактарга үй салбоого жана алдын ала коргонуу чараларын көрүүгө чакырды.
Ошондой эле Гидрометкызматы аба ырайы боюнча бороон-чапкын эскертүүлөрүн жана бир жума, 10 күндүк божомолдорду үзгүлтүксүз чыгарып турары маалымдалды. Адистердин айтымында, учурда божомолдордун тактыгы 96–97 пайызга жетүүдө.
