Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери опузалап талап кылган шектүүнү кармашты
19 сентябрь

Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери опузалап талап кылган шектүүнү кармашты

Борбордук милицияга 1988-жылы туулган А.И. аттуу жаран арыз менен кайрылып, П.О. аттуу жаранга чара көрүүнү өтүнгөн. Ал өз арызында, П.О. “Кылычбек” аттуу белгисиз адам, өзүн мурда каржы полициясынын кызматкери, азыркы учурда УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, эмгек инспекциясынын жана салык кызматынын текшерүү иштерин шылтоолоп, коркутуу жолу менен 100 000 сом талап кылып жатышканы билдирген.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-(опузалап талап кылуу) беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, Жумабек жана Ибраимов көчөлөрүндө жайгашкан соода дүкөндөрүнүн биринде 1978-жылы туулган П.О. аттуу шектүү 100 000 сом акча каражатын алып жаткан жеринен кармалган. Бардык акча каражаттары алынды.

Белгилей кетсек, арызда көрсөтүлгөн “Кылычбек” аттуу адам, шектүү П.О. тарабынан өзүнүн кылмыштуу максаттарын жүзөгө ашыруу үчүн оюнан чыгарылганы аныкталды.

Учурда тергоо иш-чарасы улантылууда.