Алдамчылыктын жаңы ыкмасы: абактагы афера
2025-жылдын июнь айынын башында Балыкчы ШИИБге үч жергиликтүү тургун арыз менен кайрылышкан. Арыз ээлеринин билдирүүсүнө ылайык, белгисиз адамдар телефон аркылуу байланышып, өздөрүн мамлекеттик органдардын өкүлү катары тааныштырышкан. Алар азгыруучу сунуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү убада кылуу жолу менен жарандардын ишенимине киришип, акча каражаттарын онлайн түрүндө которууга көндүрүшкөн. Каражат которулгандан кийин, шектүүлөр байланыш каражаттарын өчүрүп, дайынсыз жоголуп кетишкен.
Мындай мүнөздөгү арыздар Талас ШИИБде жана Чүй ОИИБде дагы катталган. Жалпысынан жабырлануучуларга келтирилген материалдык чыгым 187 400 сомду түзгөн. Бул фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголгон.
Балыкчы ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иштеринин жыйынтыгында, бул алдамчылык аракеттерге байланыштуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу №3 жаза аткаруу мекемесинде жаза өтөп жаткан, 1999-жылы туулган С.О. жана 1994-жылы туулган М.Т. аттуу жарандар шектүү катары аныкталып, колго түшүрүлгөн. Алдын ала суракта шектүүлөр күнөөсүн мойнуна алып, абакта отуруп эле 5 жабырлануучуну алдаганын тастыкташкан.
