Жол-Чолок-Боом унаа жолунун селден жабыркаган тилкеси калыбына келтирилүүдө
11 февраль

Жол-Чолок-Боом унаа жолунун селден жабыркаган тилкеси калыбына келтирилүүдө

Үзгүлтүксүз каттамды жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында Жол–Чолок–Боом унаа жолунун 9+300-чакырымында оңдоо иштери жүрүп жатат.

Учурда “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №32 Жол тейлөө мекемеси тарабынан жол жээгин бекемдөө иштери аткарылууда.

Бетондоо жумуштары жыйынтыкталган соң бул тилкеге асфальт төшөлүп, атайын лотоктор орнотулат.

Ошондой эле, коопсуздукту камсыздоо максатында бетон тосмолору да коюлат.