Жеңиш чокусундагы кырсык. Наталья Наговицынанын абалын байкоого учкучсуз учактар да тартылган
Жеңиш чокусунда буту жабыркап түшө албай калган Наталья Наговицынанын абалын байкоого учкучсуз аскердик учактар да тартылган. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазып, видео жана сүрөттөр менен бөлүштү.
Анын айтымына караганда, альпинисттин кырсыктап аскадан түшө албай калганы тууралуу кабар түшкөндөн тартып тийиштүү мамлекеттик кызматтар аны эвакуациялоо боюнча болгон аракеттерди көрүшкөн.
"Анын ичинде альпинистти издөө анан ахыбалына баам салуу максатында учкучсуз аскерий учактар да тартылган", - деди ал.
Эске салсак, 12-август күнү Россиянын жараны Наталья Наговицына Жеңиш чокусуна чыгуу сапары учурунда 7200 метр бийиктикте оор жаракат алып, буту сынган.
Окуядан кийин Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, ошондой эле аралык куткаруучулар жана альпинисттер да альпинистти куткаруу аракетин жүргүзүштү.
Окуя болгон жерге аскердик тик учак да жөнөтүлгөн. Бирок аба ырайынын начардыгынан улам ал кырсыкка кабылган.
Куткаруучулардын бардык аракеттерине карабастан, альпинистти экстремалдык бийиктиктен эвакуация жүргүзүүгө мүмкүн болгон жок.
Начар аба ырайынын тоскоолдугунан улам Наталья Наговицынага жетүү кыйынчылык жаратууда.
